• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

ТИМ башчысы II Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту 

14 Бештин айы 202312:38 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев чет өлкөлөрдөгү мекендештердин диаспоралык уюмдары менен бирикмелеринин атынан келген II Элдик курултайдын делегаттары менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр өз сөзүндө делегаттарга алдыдагы курултайга даярдык көрүүнүн алкагында президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттерди аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан дипломатиялык иштер тууралуу маалымдады.

Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиздин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча маалымат берилди.

Количество просмотров: 60