• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ТИМ эмгек мигранттары үчүн атайын эскертме иштеп чыкты

27 Чын куран 2023 9:12 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги тарабынан Кыргызтадын жарандарынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында чет мамлекеттерге бара жаткан кыргызстандыктар үчүн эскертме иштелип чыкты.

Министрликтен билдиришкендей, бул эскертме чет өлкөгө кирүү, убактылуу болуу жана жашоо маселелери боюнча актуалдуу төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

— Эмгек миграциясына кантип даярдануу керек жана өлкөдөн чыгуу алдында эмнелерди билүү зарыл, бара турган жердин шарттары, мыйзамдарынын жана каада-салттарынын өзгөчөлүктөрү, эмгек мыйзамдары тууралуу маалыматтарды камтыйт. Мындан тышкары, Кыргызстандын жакынкы элчилигинин байланыш дарегин таап, сактап алуу, туугандарына жана жакындарына дарегин билдирүү, үйдөн тышкары жүргөндө паспортторун жанына алып жүрүү, бардык документтеринин көчүрмөсүн жасап, сактап коюу, тез жардам жана полициянын номерлерин сактап алуу ж.б.у.с. керектүү кеңештер берилген.

  • Ички паспорт (ID) менен кирүүгө уруксат берилген өлкөлөр;
  • Россияга кирүүгө тыюу салынган адамдар үчүн «кара тизмеден” өзүн текшерүү мүмкүнчүлүгү;
  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү элчиликтеринин жана консулдуктарынын даректери жана байланыш телефондору;
  • Оор кырдаалда тез арада юридикалык жана консулдук жардамга муктаж болгон жарандар кайрыла ала турган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн ишеним телефондору;
  • Дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө мыйзамдуу түрдө жумуш табуу жолдору;
  • QR код аркылуу чет өлкөгө коопсуз миграциялоо боюнча башка көптөгөн кеңештерди тапса болот.

Эскертме Кыргыз Республикасында USAID, Winrock International жана Прогресс фондунун колдоосу менен «Чет өлкөгө иштөө максатында бара жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык кампания» долбоорунун алкагында басылып чыкты.

Количество просмотров: 55