• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ТИМ: “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстанга таандык

30 Чын куран 2021 19:03 Бишкек Govori.TV

Баткен облусундагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстанга таандык. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин биринчи катчысы Эрмек Кыштобаев билдирди.

Кыштобаев “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстандын аймагында жайгашканын жана ал Кыргызстанга таандык экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 31 адам набыт болуп, 154 киши жабыркады.

Количество просмотров: 163