• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ТИМ: Ирандагы аба соккусунан жабыркаган кыргызстандыктар жок

26 Тогуздун айы 202421:43 Бишкек Govori.TV

Ирандын аскердик инфраструктурасына жасалган бир катар аба соккуларына байланыштуу аба соккуларынан каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилиги өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен туруктуу байланышта.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын жарандарын өздүк коопсуздуктун максималдуу чараларын камсыз кылууга чакырат.

Элчиликтин +982122830354 жана +989352505226, ошондой эле КР ТИМ консулдук департаментинин +996999312002 ыкчам байланыш телефону иштейт, Иранда жүргөн Кыргызстандын жарандары зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрылышса болот.

Количество просмотров: 194