• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ТИМ: Италияда селден жабыркаган кыргызстандык жок

18 Бугу 2023 15:37 Бишкек Govori.TV

Италиянын түндүк тарабындагы Эмилия Романья аймагында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон селден жабыркаган кыргызстандык жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Италиядагы элчилиги аталган аймакта жашаган кыргыз жарандары менен дайыма байланышта болууда.

Белгилей кетсек, Эмилия-Романья аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдын кечээ башталып, Чазена шаарын сел каптаган. 4 миң киши эвакуацияланган

Количество просмотров: 64