• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ТИМ: Саймаитини өлтүрдү деп кармалгандардын жарандыгы текшерилүүдө

12 Жетинин айы 2019 19:52 Бишкек Govori.TV

Ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрдү деген шек менен кармалган үч кишинин экөө Кыргызстандын жарандары деген маалыматты КР Тышкы иштер министрлиги текшерип жатат. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Түркиялык ЖМКлардын жазганына караганда, шектүүлөр Адана аймагынан Сирияга өтүп кетүүгө аракет кылган маалда колго түшкөн. Шектүүлөр сурак учурунда Айеркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересе маселелеринен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан.

Белгилей кетсек, ишкер Айеркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган. Ишкер дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.

Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган жол тандабас Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоковготаандык экенин ырастап, ал президенттин жарлыгы менен кызматтан алынган.

Булак: Спутник.кж

Количество просмотров: 129