• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ТИМдин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева Белорусияга иш которду

27 Теке 201815:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.07. 2018. Govori.TV
ТИМдин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева кызматынан которулду. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазды.
Анда ал бир нече күндөн бери Кыргызстандын ТИМинин Белорусиядагы мекемесине которулуп кеткенин, андыктан ТИМге байланыштуу суроолорго мындан ары жооп бере албай турганын айтып жетекчилигине ыраазычылык билдирген.
“Тышкы иштер министрлиги, анын жетекчиси Министр Эрлан Бекешович Абдылдаев ишенип дайындаган жумуштарды ак ниетим менен так аткардым деп өзүмдүн абийиримдин алдында ачык айта алам. Кыргызстан менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы карым-катышты чыӊдоого, Тышкы саясий мекемебиздин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалыматтарды убагында элге жеткирүүдө, эл менен ТИМнин ортосунда байланышты чыӊдоодо убактымдын, энергиямдын,  соолугумдун жетишинче болгон аракетимди жумшадым”,-деп жазат ал.
Эске сала кетсек, ал буга чейин Моксквадагы кыргыз элчилигинде да үзүрлүү иштеген болчу.
Количество просмотров: 22