• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

«Time» журналы Жо Байден менен Камала Харристи «жыл адамдары» деп тапты

11 Бештин айы 202018:14 Бишкек Govori.TV

Америкалык «Time» журналы АКШнын шайланган президенти Жо Байденди жана шайланган вице-президенти Камала Харристи «жылдын адамдары» деп тандады. Басылма 1927-жылдан бери «жылдын адамы» наамын жарыялап келе жатат.

АКШнын болочок жетекчилеринин сүрөтү журналдын башкы бетине басылып чыкмакчы. Талапкерлер тизмесине бул ирет президент Доналд Трамп, пандемия менен күрөшүп келаткан медиктер жана расалык теңсиздикке каршы чыккан демонстранттар кирген. Трамп президенттикке шайланган 2016-жылы бул наамды алган.

Журналдын башкы редактору Байден менен Харрис тилектештик бөлүнүп-жарылууга караганда күчтүү экенин көргөзүп, америкалык тарыхты өзгөрткөндүгү үчүн жылдын адамы деп аталганын жазды.

Басылманын редакциясы белгилегендей, бул наам сөзсүз эле тандалган адам дүйнөнү жакшы жагына өзгөрттү жана журнал анын арактетерин колдойт дегенди билдирбейт. Бир жылдары Адолф Гитлер менен Йосиф Сталин «жылдын адамы» деп аталган.

Былтыр журнал бул наамды швециялык өспүрүм экоактивист Грета Тунбергге ыйгарган.

Количество просмотров: 43