• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тимур Файзиев абактан бошотулду

30 Бугу 202413:47 Бишкек Govori.TV

Elite House компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу камак жайынан бошотулду. Бул тууралуу Кактус медиа өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматта Тимур Файзиев кечээ, 29-майда, УКМКнын өтүнүчүнөн улам чыгарылган. Чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими чыгарды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, абактан бошотуу үчүн Тимур Файзиев 3 млн доллар мамлекетке төлөгөн.

Тимур Файзиевге кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу) негизинде айып тагылган. 10-октябрда Файзиев УКМК тарабынан кармалган.

Количество просмотров: 155