Медициналык мекемелер, тиш дарылоочу жайлар текшерилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери менен жеринде кеңешме өткөрдү.
«Жыйындын жыйынтыгында 2024-жылдын 15-январынан баштап Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык медициналык ишмердүүлүк жүргүзүүгө лицензиясы жок жеке медициналык клиникаларды, борборлорду жана стоматологиялык кабинеттерди аныктоо боюнча рейддик текшерүүлөрдү кайра баштоо сунушталды»,-деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле коомдук тамактануу жайларында санитардык китептердин бар-жогу жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча текшерүүлөр пландалууда.