• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Тизилип олтуруп бересиңер». Кесиптештерине нааразы болгон Көкүлов агынан жарылды

11 Аяк оона 202511:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эрулан Кокулов ортоңку трибунага чыгып сөз сүйлөп жатып кесиптештери менен айтыша кетти.

Депутат өз сөзүндө Таластагы Шумкар-Уя айыл өкмөтүнө барганын, ал жердеги кемчиликтерди айтып жаткан.

Ал сөз сүйлөп жатып, кесиптештерине тынчтыкты сактоону айткан.

«Мен түшүнүп жатам. Көбүңөргө Кыргызстандын келечеги деле кереги жок. Укпасаңар да, тынч отуруп тургулачы»,- деген Көкүловго залда олтурган депутат Акылбек Түмөнбаев жооп кайтарды.

Количество просмотров: 202