• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталды

1 Тогуздун айы 2018 10:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталган. Бул туурасында  ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Таш-Көмүрдө 20 кг пахта жана пахта аттыруучу станок күйгөн.
Чүй облусунда-9, Ош облусунда -7, Жалал-Абад облуснда— 3, Бишкек шаарында- 3, Нарын жана Талас облустарында 2 ден өрт кырсыктары катталган.
Токтоло кетсек, 2018-жылдын 30-сентябрь күнү саат 14:18де Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасындагы пахта аттыруучу жайда 20 кг пахта жана станок күйгөн. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №56 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 14:31де чектөөгө алынып, саат 17:07де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдарынын кыска туташуусунан болгондугу айтылган.

Автоматический альтернативный текст отсутствует.

Количество просмотров: 28