• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өтмөк ашуусунда жол тазаланбай, унаалар токтоп турат (видео)

26 Бирдин айы 2021 9:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек — Талас жолундагы Өтмөк ашуусунда ири автотыгын жаралганын Govori.TVга күбө билдирди.

Анын айтымында, тыгын жол кардан тазаланбаганынан улам пайда болгон. Жолоочу ашууну төрт сааттан бери аша албай жатканын айтты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу Бишкек-Ош унаа жолуна жөнөп кеткенин министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-февралда Бишкек-Ош жана Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолдорунда (Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашуулары) аба ырайы кескин өзгөрүп, кар жаагандыгына байланыштуу жериндеги абалды баалоо максатында министрликтин ыкчам тобу ӨКМ башчысынын орун басары Калыс Ахматовдун жетекчилигинде саат 20:00дө жолго чыгышты.

Количество просмотров: 376