Тоңдо көлгө чөгүп кеткен эркек киши изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-июнь күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Каджы-Сай айылында Кош-Каракөл көлмөсүнө 1987-жылы туулган Г.К. аттуу эркек киши чөгүп кеткен.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу, 2 суучул тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 25-июнда издөө иштери улануу.