• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тоңдо окуучунун чөнтөк телефону жарылып, оор абалда ооруканага түштү

26 Жетинин айы 2018 12:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.11.2018.Govori.TV.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылында 14 жаштагы баланын чөнтөгүндөгү уюлдук телефону жарылып, ал ооруканага түштү.

Тоң райондук ооруканасынын хирургиялык бөлүмүнүн башчысы Төлөк Жунушали уулунун айтымында, 2004-жылы туулган Д.Айдин ооруканага 24-ноябрда саат 23:00 чамасында жеткирилген.

«Учурда абалы туруктуу оор. Денесинин 30%ы химиялык күйүк алган. Эми палатага которулду», — дейт ал.

Жабырлануучу Д.Айдиндин айтымында, апасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп бүткөндөн кийин уюлдук телефону жерге түшүп кеткен.

«Телефонду жерден алып, сол чөнтөгүмө салганда ал жарылып кетти», — деди ал.

Анын апасы Жаркынай Ишенбаеванын айтымында, уулу айылдагы Пушкин атындагы мектепте 8-класста окуйт.

«Күндүз чогуу болгонбуз. Саат 18:00 чамасында жумушка кеткем, уулум үй жумуштары менен алек болуп калган. Саат 21:00 чамасында үйгө келсем, ал үйдө жок экен. 15 мүнөт өткөндөн кийин аны күйгөн абалда айылдашым көтөрүп келди. Аны көрүп мен шок болуп калдым. Биз уулумду дароо ооруканага алып жөнөдүк.

Уулум «Nokia X1» үлгүсүндөгү телефонду колдонуп жүргөнүнө бир ай гана болгон», — деди Ж.Ишенбаева.

Количество просмотров: 42