• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тогуз ай ичинде автокырсыктан 8298 адам жабыркап, 587 киши көз жумду

21 Тогуздун айы 2021 9:26 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери Кыргызстанда 5437 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыдан 29,2% көп. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыктарынын көбөйүүсүн өлкөдө автоунаалардын саны өскөнү жана жолдордун ага ылайык келбегени себеп.

«Көпчүлүк жолдордун параметри кыймылдын көптүгүнө жана тездигине туура келбейт. Көп учурда мунун арты адам фактору менен коштолгон кайгылуу окуя менен аяктайт», — деди Азамат Исраилов.

Анын маалыматы боюнча, жол кырсыгынан набыт болгондордун саны да былтыркыдан 15% көп. Былтыркы тогуз айда бул себептен 509 адам көз жумса, быйыл 587ге жетти. Жаракат алгандар 31% көбөйгөн. Тогуз ай ичинде автокырсыктан 8298 адам жабыркаган.

Количество просмотров: 109