• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Тогуз-Тородо 49 жаштагы аял коронавирустан көз жумду

25 Кулжа 202010:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда коронавирус илдетинен дагы 1 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифинг учурунда билдирди.

«49 жаштагы аял киши Жалал-Абаддагы Тогуз-Торо жалпы дарыгерлер практикалоо борборунда дарыланып жаткан. Бардык аракеттерге карабастан 24-июнда көз жумду»,-деди Каратаев.

Муну менен өлкөдө таажы илдетинен каза болгондордун жалпы саны 43 адамга жетти.

Количество просмотров: 223