Тогуз-Тородо айыл тургундары акысыз медициналык кароодон өтүштү
Тогуз-Тородо айыл тургундары акысыз медициналык кароодон өтүштү
27 Теке 2018 16:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.07. 2018. Govori.TV
Тогуз- Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагынын тургундары мобилдүү клиниканын акысыз медициналык кароосунан өтүштү. Бул тууралуу айылдын медайымы Жамал Мамытбекова билдирди.
“Жалал-Абад облусунун губернаторунун тапшырмасынын негизинде, алыскы айылдардагы жашаган калктын ден-соолугуна кам көрүү максатында акысыз кароо болду. Мобилдүү клиника Орусия мамлекетинин гуманитардык кызматташтыгы боюнча уюштурулган. жергиликтүү эл бул кызматты кубануу менен кабыл алышты”,-дейт ал.
Эске сала кетсек, бул көчмө клиника райондогу Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынан баштап калкты кабыл алып баштаган.