• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Тогуз-Тородо мектеп өрттөндү

16 Бештин айы 20249:11 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан №11 Саймалуу-Таш орто мектеби өрттөнүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 15-декабрда мектептен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшүп, 18:46дан тарта 2 бөлүм тартылган.

Тилсиз жоо чаат 22:28де толугу менен өчүрүлдү. Куткаруучулардын ыкчам аракети менен мектепке улай салынган (2020-жылы курулуп пайдаланууга берилген) ашканасы сакталып калды.

Жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп, парта жана башка эмеректер чыгарылып, учурдасакталып калган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Бактыга жараша жабыр тарткандар жок.

Теги:
Количество просмотров: 181