• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тогуз-Торонун акими кызматынан кетти

12 Чын куран 2018 8:55 Бишкек Govori.TV
Бишкек 12.04.2018 Govori.TV

Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов кызматынан кетти. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бул боюнча кечээ 11-апрелде  депутат Кожобек Рыспаев Тогуз-Тородогу митинг  боюнча парламентте маселе көтөрүп, элдин инвесторлорго кылган мамилесин сындаган. Эл өкүлү каршылык акцияларынын чыгышына акимдин да күнөөсү бар экенин билдирген. КСДП фракциясынын жыйынында өкмөттүн иши боюнча отчет берип жатып премьер-министр Сапар Исаков да бул маселени жөн калтырбай турганын айткан болчу.

Эске сала кетсек, 11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имаратты митинге чыккандар өрттөп жиберишкен.

Количество просмотров: 23