Той кортежинин унаалары айып короого токтотулду. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.
Социалдык тармактарда той кортежинин унаалары жолду тороп, оюн салып бараткан видео тарап, анда унаанын бирөөнөн бир адам белине чейин чыгып алганын көрүүгө болот.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Чалдыбар унаа жолунда жолду тороп башкаларга тоскоолдук жараткан эки Toyota Camry, Changan EV-460 жана Toyota RV-4 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочуларын Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү кармап, ар бирине 15 миң сомдон айып салынып, унаалары айып короого киргизилген.