• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Даниел Ажиевдин апасы 5500 сом айыпка жыгылды

18 Тогуздун айы 202410:48 Бишкек Govori.TV

Даниел Ажиевдин апасы 5500 сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу Ленин райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектин Ленин райондук соту Сайкал Ажиевага Кылмыш-жаза кодексинин «Майда бейбаштык» боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн 5500 сом өлчөмүндө айып салуу чечимин чыгарды.

Эске салсак, кечээ саат 14:45те Ажиева Lexus автоунаасы менен жаңы салынган «Ынтымак ордонун» дарбазасын атайын сүзгөн. РИИБге жеткирилип, тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.

Ажиева соцтармакта мамлекет алардын үч батирин, эки үйүн жана төрт унаасын тартып алганын билдирген. Ал келини үч кичинекей баласы менен бара турган жери жок экенин айткан.

Кыргызстанда көп сандагы вебкам-студияларынын тармагын уюштурган деп кармалган Даниэл Ажиев тогуз жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 164