• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Батукаевдин иши: Тергөө менен кызматташкандар айыпка жыгылды

13 Баш оона 2020 17:32 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Свердлов райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу тергөө менен кызматташкандарга өкүм чыгарды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, тергөө менен 14 киши келишим түзгөн. Алардын ичинен 10 кишиге айыппул салынган.

Алсак, лаборант Ирина Цопова, онколог Эмил Макимбетов, өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, тартип бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов, Канатбек Бектемиров, мурдагы сот Жапар Эрматов жана жактоочу Али Касымовго 260 миң сом айыппул салынган.

Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын медицина-санитардык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Акылбек Асанов, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын дарыгери Фархад Атаходжаев, экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов жана мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге 300 миң сом айыппул салынган.

4 кишиге карата соттук териштирүү уланууда, алар мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Нарын облусунун прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиев жана анын жардамчысы Кубатбек Жуматаев.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратылган. Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага 5 млн сом айыппул салынган.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөлүү деп табылып, ал 2 жылга эркинен ажыратылган. Анын жаза өтөө мөөнөтү аяктагандыктан Качкыналиев сот залынан бошотулган.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген эмес.

Эске салсак, Батукаев “айыккыс илдетке чалдыкты” деген жүйө менен абактан мыйзамсыз бошоп, атайын коштоо менен Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) өткөн жылы бул кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Количество просмотров: 207