• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тойдо чачташкан айымдарды элдештирүү аракети оңунан чыктыбы?

18 Аяк оона 2018 18:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.09.2018.Govori.TV.
15-сентябрда Ош шаарындагы тойканалардын биринде болуп өткөн тойдо кош бойлуу ырчы Айгерим Расул кызы менен алып баруучу Нурзат Токтосунованын ортосунда чыр чыккан. Маданият өкүлдөрүнүн бири экинчисин чачтап жаткан учурда тартылган видеону Айгерим Расул кызы социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн эле. Андан көп узабай Токтосунова ага жооп жазды.

Бул чырга байланыштуу аты аталып жаткан ырчы Айжамал Кабылова да баракчасына өзүнүн ой-пикирин жазып, бирок бир аз убакыттан соң ал билдирүү өчүрүлгөн.

«Билдирүүнү Гүлшайыр Садыбакасованын суранычы менен алып койдум. Ошол күнү тойдо кезегимди күтүп отурсам Айгерим келип: “Мен сизден мурда келгем» деп калп айтканы жинимди келтирди. Андан мурда барганым үчүн алып баруучу мага биринчи кезек берди. Кош бойлуу болуп, бели ооруп жаткан аял үйүндө отурушу керек болчу. Өзүнөн улуу адамга кол көтөрүп, андан соң видеону таратканы такыр туура эмес көрүнүш.
Ал эми инстаграммдагы билдирүүнү устатым Гүлшайыр Садыбакасованын суранычы менен өчүрдүм. Гүлшайыр эжеге Айгеримдин апасы телефон чалыптыр. Мен бир гана Кудайдан корком. Айгеримдин жолдошу Ош ШИИБде эмгектенгенин көпчүлүк билет. Алар коркутуп, билдирүүнү алдырды деген туура эмес», — деди Айжамал Кабылова.

Ал ортодо эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова эки тарапты элдештирүү аракетин көрүүдө.

«Маданият өкүлдөрүнүн бул чыры жүрөгүмдү оорутту. Бул нерсени коомго чыгарбай, эки тарап өз ара чечишип алса болот эле. Мен инстаграмды көп колдонбогондуктан бул тууралуу Айгеримдин апасынан уктум. Ал «баракчадагы постторду өчүрбөсө чыр улана берет» деди.
Айыпты бирөөнө койбойм. Маданият өкүлү болгондуктан эки тарапты элдештирүү милдетим деп билем», — деди Г.Садыбакасова.

Ал эми Нурзат Токтосунова: “Постторду өчүрдүм, мага жакшы сөз арнап колдогонунар үчүн рахмат, бул жашоодо баардык нерсе кайтып келүүчү, көңүлдөрдү калтырбайлы. Эл аман болсун, баарыбызга сабыр. Теманы биротоло жаптым. Күнүңөр көңүлдүү улансын, эми жакшы нерсе менен бөлүшөлү” ,-деген оюн билдирген.
Количество просмотров: 321