• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Токаев Назарбаевди Аксакалдар кеңешинин төрагалыгына сунуштады

13 Тогуздун айы 2021 11:04 Бишкек Govori.TV

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары жөнүндөгү кеңештин жаңы түзүлгөн Аксакалдар кеңешине мурунку президент Нурсултан Назарбаевдин төрөгалыгын сунуштады. Бул тууралуу Акордо сайты кабарлады.

— Биринчиден, Аксакалдар кеңешинин төрагалыгына уюмдун негиздөөчүсү, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин талапкерлигин көрсөтүү – мен үчүн чоң сыймык. Экинчиден, 2022-2024-жылдары уюмдун төрагалыгына Казакстанды көрсөтөм. Өлкөнүн талапкерлиги колдоо тапса, кеңештин ийги миссиясын аткарууда жамааттык күч-аракетти жумшоо үчүн жаңыланган мандатты колдонууга милдеттенме алабыз,- деди Токаев.

12-октябрда Нур-Султанда кеңештин жыйыны өттү. Ага Бахрейн, Беларус, Индия, Катар, Кыргызстан, Монголия, Орусия, Өзбекстан, Түркмөнстан тышкы иштер министрлери катышты.

Токаев Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары жөнүндөгү кеңешти толук кандуу эл аралык уюмга айландыруу керек деп эсептейт.

Кеңеш – Азия өлкөлөрүнүн ынтымагын арттырууга багытталган калк аралык жыйын. Аталган кеңешти куруу идеасы мурунку президент Нурсултан Назарбаевге таандык. Кеңештин алачкы отуруму 2002-жылы өткөн.

Количество просмотров: 227