• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Токиодо Олимпиада оюндары ачылды

23 Теке 2021 18:17 Бишкек Govori.TV

Олимп оюндарынын ачылышы 68 миңге ылайыкташкан стадиондо ачылды. Бирок ага болгону 950 адам гана кирди, дүйнөлүк лидерлерден он бештей гана конок катышууда.

Олимп оюндарынын ачылыш аземинде жапон бийчилери башында сакура гүлүнүн элеси түшүрүлгөн түркүн-түс лазердик чагылдыруунун коштоосунда бийлеп, стадионду көрккө бөлөдү.

Анын башында дүйнөдө жүрүп жаткан ар кандай табийгый кубулуштар музыкалаштырылган театралдаштырылган оюн-зооктор аркылуу көрсөтүлдү.

Оюн-зооктордо эки жылдан бери дүйнөнү каптаган коронавирус илдетинин адамзатты чырмооктой орогон учуру дагы берилди. Анда бийчилер шоунун жүрүшүндө дүйнөнү каптаган илдеттин улам жөргөмүштүн желесиндей тарап, адамзаттын дем алуусун чектеген көрүнүшү музыканын коштоосунда көркөмдүк менен берди. Адамзаттын жашоо үчүн күрөшү, бири-бирине кам көргөн сезимдери бийчилердин шоусу аркылуу чагылдырылды.

Мындан кийин Жапониянын туусун көтөргөн бир түстө кийинген топ стадиондун ортосуна басып келип, тууну жапон куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрүнө тапшырды. Желек аскер адамдары тарабынан Жапониянын гимнинин коштоосунда жогору көтөрүлүп, флагштокко илинди.

Эки жума мурун Токиодо коронавирустун жаңы толкуну чыкканына байланыштуу уюштуруу комитети көрүүчүлөрдүн катышуусуна толук тыюу салган. Көпчүлүк чет элдик көрүүчүлөр Олимп оюндарынын ачылыш аземине киргизилбей турганы жарыяланган. Ошондуктан Олимп оюндарынын ачылыш аземи дээрлик бош турган чоң стадиондо өтүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 215