• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Олимпиаданын ачылышында КР желегин Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат

21 Теке 2021 17:16 Бишкек Govori.TV

Токиодогу Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргызстандын желегин ок атуу боюнча спортчу Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыгат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын маалыматы боюнча, буга кураманын капитаны, грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековдун Олимпиада оюндарынын ачылышына катышууга жетишпей калышы себеп болууда.

«Кубанычбекова учурда КРнын эки спортчусу менен бирге Токиого барды», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Эскерте кетсек, жайкы Олимпиада оюндары эки күндон кийин Япониянын Токио шаарында башталат. Оюндар 2020-жылы өтүш керек болчу, бирок Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырган.

Количество просмотров: 118