• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токиодогу Олимпиаданын убактысы жылды

24 Жалган куран 2020 21:13 Бишкек Govori.TV

Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Япониянын премьер-министри Синдзо Абэнин сунушун колдоду. Ал 2020-жылы Токио шаарында өткөрүү пландалган Олимпиада оюндарын бир жылга жылдырууну сунуштаган, деп маалымдайт «Sports».

Бүгүн тиешелүү жетекчилер телефон аркылуу конференция өткөрүп, коронавирус пандемиясына байланыштуу кырдаал татаалдашкандыктан Олимпиаданын убактысын жылдыруу маселесин талкуулашкан.

«Мен Бах мырзага оюндарды бир жылга жылдырууну сунуштадым. Ал 100% колдоду», — деди Япониянын өкмөт башчысы.

Олимпиада быйыл Токиодо 24-июлда башталып, 9-августка чейин созулмак. Буга чейин лицензиялык бир катар турнирлер дагы жылдырылган болчу.

Булак: АКИпресс

Количество просмотров: 77