• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токмок автобекети мамлекетке кайтарылды

19 Баш оона 202415:29 Бишкек Govori.TV

Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Кызматы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген обьектилерди ачыктоо иштеринин алкагында, Токмок автобекетинин мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Токмок ПАТП” ишканасында мамлекеттин 30 пайыз үлүшү болгон. Бирок мамлекеттик казынага эч кандай дивиденд алынган эмес.

Тергөө амалдарынын аркасында белгилүү болгондой, аталган ишкананын ээлери Токмок автобекетинин мыйзамсыз менчиктештирилгенин моюндап, базар баасы 117 миллион сомдон ашык болгон обьектти жер тилкеси жана админстративдик имараты менен мамлекетке өткөрүп берген.

Количество просмотров: 101