Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу анын тарапкерлери билдирди.
Ырастоону талап кылган маалыматтарга караганда, мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту тергөө менен келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сом зыян төлөп бергенден кийин чыгарган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору кырдаал боюнча комментарий бере элек.
Эске салсак, Токмок шаарынын мэри 17-апрелде кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, чиновник «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга катышы бар.