• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Адам өмүрүнө кол салган Токмок шаарынын депутатына издөө жарыяланды

29 Баш оона 2018 16:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.08.2018.Govori.TV.
Токмок шаарынын депутатына издөө жарыяланды. Ага «Адам өмүрүнө кол салуу» беренесинде айып тагылган. Бул тууралуу Токмок шаардык прокурорунун орун басары Азамат Масиров билдирди.
Анын айтымында, 27-август куну эртен менен Токмок шаарындагы мал базарда Талант Жамангулов аттуу адамды бычактаганы үчүн шаар кеңешинин депутаты Тынай Алсеитовго кылмыш иши козголгон.
«Кылмышка шектүү катары Тынай Жансеитовдун үстүнөн «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан иш тергелип жатат. Шектүү көрсөтмө берүүгө келбей, таптырбай жаткандыктан ага издөө жарыяланды. Ыкчам издөө иштери жүрүп жатат. Прокуратура мындай оор кылмышты көзөмөлгө толук алды» деп билдирет ал.
Количество просмотров: 41