• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Токмок жеп каза болгон Нигериялык жаран 5 жыл мурун бир өлүмдөн калган

5 Теке 2019 15:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.

Катуу жаракаттын кесепетинен Бишкектеги ооруканада каза болгон Нигериянын 34 жаштагы жараны Али Абубакар буга чейин бир өлүмдөн калган. АКИпресс агенттигинин архивиндеги маалыматтарга таянсак, 2014-жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдөгү лагерлердин биринен ага моюн тарабына ок атылган.

«Оор абалда болгондуктан операция жасоо үчүн Бишкектеги ооруканага шашылыш жеткирилди», — деп айтылган милициянын расмий билдирүүсүндө. 

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун маалыматы боюнча, жабырлануучу ооруканага саат 18.05де жеткирилген. Ок травматикалык тапанчадан атылганы маалымдалган.

Бишкек шаарында сабалып каза болгон Нигериянын жараны Тижжани Али Абубакардын сөөгү бүгүн, 5-июлда мечитке жеткирилген.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына жакындары, кесиптештери жана Нигериядан келген бир тууган иниси катышууда. Мындан тышкары Али тууралуу интернеттен билип, жакындарына колдоо көрсөтүү үчүн бейтааныш адамдар дагы чогулушкан.

Бишкектеги «Кембридж скул» (Cambridge School) тил үйрөтүүчү мектебинин директору болуп эмгектенип келген Али Абубакардын артында жубайы (кыргыз) жана 2 кызы калды. 

Социалдык тармактардагы маалымат боюнча, Али Абубакар Нигерияда төрөлүп, Бириккен Араб Эмираттарында жана Кыргызстанда (эл аралык «Ала-Тоо» университети) билим алган. Ал Кыргызстанда аталган тил үйрөтүүчү мектепти негиздеген.

А.Абубакар 2000-жылдан бери Бишкек шаарында жашап жаткан.

Булак: АКИпресс

Количество просмотров: 3