• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токмокто 26 жаштагы жигит эки кылмышка шектелүүдө

8 Аяк оона 2021 18:01 Бишкек Govori.TV

 Токмокто тоноо жана уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрь күнү Токмок ШИИБге жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, Токмок шаарындагы дүкөндөрдүн биринде белгисиз бирөө ага күч колдонуп, 12000 сомдук телефонун тартып алганын билдирген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип буга чейин соттолгон 1995-жылы туулган Ю.В. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран Токмок шаарынын аймагында уурулук кылмышына да тиешеси бар экендиги такталган»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Учурда териштирүү иштери жүргүп жатат.

Количество просмотров: 226