• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токмокто 3 тилкенин жыйынтыгы жокко чыгарылды

11 Чын куран 2021 12:36 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарындагы шайлоо тилкесинен тышкары көчмө урна менен добуш берүүдө 3 тилкенин жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын атайын адиси Айгүл Идинова билдирди.

Анын айтымында, Токмок шаарында шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүүгө 385 жаран арыз берген.

“Арыз бергендердин дареги боюнча барганда мыйзам бузуулар болгон. Көчмө урна менен барган учурда ден соолугуна байланыштуу делген адамдардын саламаттыгы жакшы экени аныкталып, аларга шайлоо тилкесине барып добуш берүү сунушталган, андан тышкары, айрым партиялардын жана талапкерлердин кийлигишкени белгилүү болгон”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Токмок шаарында жалпысынан 20 шайлоо тилкеси ачылган. 35 мандат үчүн 5 партиядан 295 талапкер ат салышууда. Анын ичинен аял талапкерлердин саны 100.

Количество просмотров: 61