• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Токмокто 9 жаштагы Темирлан дайынсыз болууда

6 Бештин айы 2019 14:42 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Токмок шаарында 9 жаштагы Темирлан дайынсыз болууда.

Баланын атасынын айтымында, ал 5-декабрда саат 12:00дө үйдөн мектепке чыгып кеткен.

«Ал түштө окучу. Биз аны мектепте деп ойлогонбуз. Кечинде саат 18:00дө үйгө келип калчу. Мугалимдерден сураштырсак мектепке барбаптыр. Милицияга арыз жаздык. Өзү тынч жүргөн бала. Буга чейин балдар менен ойноп, кеч келген учуру болгон. Мектеп менен үйдүн ортосу он мүнөттүк жол», — деп билдирген атасы.

Темирланды көргөн-билгендер болсо, 0708 70 00 56 номуруна байланышыңыздар!

Количество просмотров: 162