• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токмокто айдоочу аялды 3 баласы менен кошо сүзүп кетти (видео)

15 Бугу 2023 14:56 Бишкек Govori.TV

Токмокто айдоочу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден үч баласы менен бара жаткан аялды сүзүп кетти. Маалыматты Govori.TVга  Чүй олустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Кырсык 11-май күнү саат 17:25 чамасында Токмок шаарындагы Ибраимов көчөсүндө жайгашкан медициналык борбордун тушунда катталган.

«1947-жылы туулган айдоочу TOYOTA SEQUOVA үлгүсүндөгү унаа менен жөө өтмөк менен өтүп бара жаткан 1976-жылы туулган аялды 2003, 2016, 2021-жылы туулган балдарды менен кошо сүзүп кеткен. Жабыркагандар Токмок шаардык ооруканасына жаткырылган»,-деп билдиришти мекемеден.

Унаа айып короого токтотулганы кошумчаланды.

Количество просмотров: 978