Чүйдүн Токмок шаарында 68 жаштагы жарандын батирин өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-январда болжол менен саат 22:00до белгисиз жаран көп кабаттуу үйдөгү батирдин эшигин бузуп, өрттөөгө аракет кылган. Бул окуя боюнча 68 жаштагы үйдүн ээси милицияга кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-216 беренеси (башка бирөөнүн мүлкүн өрттөө жолу менен жок кылуу же бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1947-жылы туулган С.Х. аттуу жаран кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилген.