Токмок шаарында дайынсыз жоголгон 38 жаштагы Айгүл Жангирова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Милициянын маалыматында айтылгандай, Жангирова 3-июль күнү Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.
«Кимде ким Айгүл Жангированын кайда экендигин билген болсо, анда Токмок шаарындагы милициянын нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 60-73-63, 0(709) 07-21-56, 0(551) 10-27-53 номерлери аркылуу кайрылууңуздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.
Белгилери: бою 160-165, чачы кара түстө жана далысына чейин, толук дене түзүлүштө, көзү күрөң.
Жангировада сары түстөгү көйнөк, штапель шым жана бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.