• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Токмокто эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылды

19 Жетинин айы 202116:22 Бишкек Govori.TV

Өз жанын кыюуга аракет кылган эркек киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн 19-ноябрда саат 15:07де Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имараттан эркек киши секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Куткаруу ишине 5 куткаруучу тартылып, ИИМ кызматкерлери менен биргеликте сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында боюн таштайм деген жаран тушүрүлүп, ИИМ жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 504