• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Токмокто Ислам академиясы курулат

10 Жалган куран 2021 15:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Бириккен Араб Эмираттарынын Заед Бин Султан Аль-Нахайян Кайрымдуулук гуманитардык фондунун генералдык директору Хамад Салем Кардаус Аль-Амри мырза өз ара кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.

Иш-чара эки тараптын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Токмокто курула турган Ислам академиясы магистратура жана докторантура программалары боюнча дин таануу жана диний предметтерди тереңдетип өздөштүрүү менен светтик билим берет. Бул тууралуу пикирин айткан министр Бейшеналиев жаштардын ислам динин изилдөөгө, илим алууга чоң өбөлгө болоорун белгилеп өттү. Жана ошондой эле министр эки өлкө ортосундагы кызматташтык муну менен токтобостон тескерисинче өркүндөөгө үмүтү, тилеги чоң экенин белгиледи.

Ал эми фондунун генералдык директору Хамад Салем Кардаус Аль-Амри мырза өз кезегинде кыргыз тараптын меймандостугуна ыраазычылыгын билдирип өттү.

Академиянын курулушу Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлиги менен БАЭнин Заед Бин Султан Аль-Нахайян Кайрымдуулук гуманитардык фондунун ортосунда Ислам академиясын негиздөө боюнча тиешелуу макулдашуулардын алкагында башталат.

Макулдашуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен БАЭнин Заед Бин Султан Аль-Нахайян Кайрымдуулук гуманитардык фонду академиянын негиздөөчүлөрү болуп саналат.

Түзүлүп жаткан академиянын негизги милдеттери төмөнкүлөр:

  • теология, дин таануу жана чектеш илимдер жаатында жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү, адистерди даярдоо жана академиялык дараметти жогорулатуу;
  • теология, дин таануу жана башка илимдер жаатындагы илимий-изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү, эксперттик жана аналитикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле коомдо жана диний коомчулуктарда заманбап илимий билимдерди жайылтуу;
  • социология, укук жана чектеш илимдер чөйрөсүндөгү жалпы билимдерди берүү, ошондой эле теология жана дин таануу чөйрөсүндөгү тереңдетилген билимдерди берүү менен диний ишмерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
Количество просмотров: 156