• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Токмокто көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

21 Жалган куран 202115:56 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Токмок шаарында көп кабаттуу турак үйдөгү батирлердин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу билдирүү куткаруучулар бөлүмүнө бүгүн, 21-мартта түшкөн.

«Өрттү өчүрүүгө саат 13:17де 1 бөлүм тартылып, саат 13:30да толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабырагандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 133