Токмок шаарында ири жер тилкеси, имараттар, кампалар жана баалуу мүлктөр мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Буга чейин Токмок шаарынын консерва заводу мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги боюнча маалыматтар алынган.
Тактап айтканда, «Токмок консерва заводу» 1993-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун токтому менен «Ак-Тилек» акционердик коому болуп кайра түзүлгөн. Ушул эле токтом менен «Ак-Тилек» акционердик коомунун акциялары эмгек жамаатына 8, коомдун жетекчиси Т.А.га 2,5 жана Мамлекеттик мүлк фондуна 89,5 пайыз болуп бөлүнгөн. Кийин «Ак-Тилек» акционердик коому «Консерва завод» акционердик коому болуп аталып калган.
1996-жылы «Консерва заводуна» Чүй-Токмок шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.Т.нын токтомунун негизинде 7,238 га жер бекитилип берилген.
Ал эми 1998-жылы «Консерва завод» акционердик коомунун 100 пайыз акциялары Э.Ж.А. аттуу жаранга өтүп, андан ары ал «Аквамарин» ЖЧКсына сатуу-сатып алуу келишиминин негизинде 350 миң сомго сатып жиберген деп маалымат түшүп, бирок келишими документ түрүндɵ катталган эмес.
Кийин 2007-жылы «Консерва завод» акционердик коомунун эч кандай сатуу-сатып алуу келишими жана тийиштүү тастыктоочу кагаздары жок болуп, Кытайдын жараны Д.Ц.га өтүп кеткен. Бүгүнкү күндө «Консерва завод» ЖЧКнын акциялары Кыргызстандын жарандарыы И.Г.К.га 33,4, Ю.М.И.ге 33,3 жана Кытай жараны Д.Ц.га 33,3 пайыз болуп бөлүштүрүлгөн.
Белгилей кетсек, аталган «Консерва завод» тууралуу тиешелүү органдарда жеке тараптарга өтүп кеткендиги тууралуу так маалыматтар жоктугу аныкталды.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жүрүшүндө заводдун имараттары, кампалары жана 7,238 га жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылды.
Ал эми Кытай жараны Д.Ц. тарабынан баасы 10 млн сомду түзгөн мүлк ыктыярдуу жана акысыз негизде мамлекттик мүлк фондуна өткөрүлүп берилди.