• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токмокто соцкызматкерлер жыл башынан бери айлык ала элек…

13 Бирдин айы 2018 9:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.02. 2018. Govori.TV
Токмок шаарындагы Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматчылары жылдын башынан бери айлык маяна алыша элек. Бул тууралуу алар Президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдошконун Govori.TV маалымат агенттигине билдиришти.
Алар белгилегендей, аталган башкармалыктын кызматкерлердин айлык маянасы КРнын Социалдык коргоо министрлигинен эмес, жергиликтүү бюджеттен каралаары маалым болгон. бирок, Токмок шаардык мэриясы азыр бюджетте каражат жок экендигин айткан. “Биз социалдык жактан аялуу болгон элдин катмары менен-майыптар, аз камсыз үй-бүлөөлөр, кары-картаңдар, жетим-жесирлер менен иш алып барабыз. Жумушубуз абдан оор жана тобокелдиктерге баарууга туура келет. Ансыз деле айлык маянабыз жашообузга өп-чап жетип турганда январ айыннын айлык маянасын ала элекпиз, февраль айы жарымдап калды, бул айга да аванс алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Жетекчилик болсо бюджетте каражат жок, каалаган жагыңарга арыздангыла же чыдап иштегиле деген жоопту айтты. Баарыбызда бала-чака бар, мойнубузда насыялар бар, жумушчулар кыйналып кетишти”,-дейт Токмок шаардык социалдык өнүктүрүү  башкармалыгын кызматчыларынын бири Курманалиева Бакиза.
Ошону менен жалпысынан 40ка чукул кызматкердин колу коюлган кайрылуу Президенттин дарегине жолдонду. Биз бул боюнча Токмок шаарынын мэрине кайрылганыбызда катчылары анын иш ордунда жок экендигин айтышты.
Ал эми КРнын Социалдык коргоо министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева Токмок шаардык мэриясынын башкармалыгынын кызматчыларынын айлыгын башынан эле жергиликтүү бюджеттен каралаарын айтты. “Мен башкы эсепчи менен бул маселени тактадым, биз социалдык колдоого муктаждарга, майыптарга, аз камчсыз үй-бүллөөлөргө, жөлөк пулдарга гана каражат бөлөбүз. Ал эми кызматкерлердин айлык маянасы жергиликтүү бюджеттен төлөнөт”,-деди ал.
Эске сала кетсек, өткөн жумада эле Токмок шаардык кеңешинин жыйыны болуп, анда мэрдин өткөн жылдагы отчету депутаттар тарабынан кабыл алынбай калган болчу…
Количество просмотров: 33