Бишкек.02.07.2019.Govori.TV.
Чүй облусунун Токмок шаарында тамакка ууланып, медицина кызматкерлерине кайрылгандардын саны өстү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токмок шаарында ууланып, дарыгерлерге 38 киши кайрылган. Натыйжада алардын 31и ооруканага жаткырылган.
«Уулангандар керектүү дарыларды алып жатышат. Ашказандары жуулуп, бардык жардамдар көрсөтүлдү. Абалдары “орточо оор” деп бааланууда. Эмнеден ууланганын аныктоо үчүн эпидемиологиялык иликтөө жүрүп жатат»,-деди маалымат катчы Жылдыз Айгерчинова.