• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Токмокто уурулукка шектүү кармалды

23 Бештин айы 2021 10:38 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарында уурлук фактысына шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-декабрь күнү милицияга 1993-жылы туулган И.И. арыз менен кайрылып, 19-декабрга караган түнү Токмок шаарындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган автоунаасынын терезесин белгисиз бирөө сындырып, автоунаадан 8000 сом акчасын уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

«Ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган У.Е. аттуу жаран кармалган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 174