• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токмокто уурулукка шектүүлөр кармалды

8 Бештин айы 2021 13:03 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарында уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 2-декабрында милицияга 41 жаштагы жергиликтүү тургун уурулук фактысы боюнча арыз менен кайрылып, 40 тонналык контейнерди уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгымдын суммасы 120 миң сомду түзгөн.

Аталган факты Токмок ШИИБне КР Кылмыш жазык кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул фактыга шектүүлөр аныкталып, райондук бөлүмүнө жеткирилген. Маалым болгондой, кылмышка шектүүлөр уурдалган буюмду кара металл сатып алуучу жерге сатууга жетишкен»-деп айтылат маалыматта.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдардын башка уурулук фактыларына тиесшеси бар же жогун текшерүүдө. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Количество просмотров: 107