Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев жыйын учурунда кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media укук коргоо органдарыдагы булактарына таянып жазды.
Бүгүн, 24-июнда социалдык тармактарда Токмок шаарынын мэриясынын имаратынан жарандык кийимчен адамдар үч кишини алып чыгып кетип баратканы тартылган тасма тарады. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары 24-июнда мэрияда Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жыйын өткөнүн, Максат Нусувалиев жана дагы эки адам жыйын учурунда кармалганын жазышууда.
Бул окуя тууралуу УКМК азырынча маалымат бере элек.
Буга чейин Токмок шаарынын тургундары Президент Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу менен чыгышкан. Алар Токмок шаарындагы парктын жана башка обьектилердин курулуш иштеринин жүрбөй жатканына жана тийииштүү жетекчилер өз милдетин аткарбай жаткандыгына нараазы болушкан.