• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Токмоктун мэри Урмат Самаев кармалгандыгы тууралуу маалымат чыкты

18 Чын куран 20231:49 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев коррупция иши боюнча кармалды. Бул тууралуу бир нече жергиликтүү ЖМКлар, УКМКдагы булактарына таянып, жазып чыгышты.

Алдын ала маалымат боюнча, Самаев «Токмок Жылуулук» муниципалдык ишканасындагы коррупция иши боюнча кармалган.
Келтирилген зыян 130 млн сом деп бааланууда.


УКМКнын басма сөз кызматы азырынча расмий билдирүү жасай элек.

Количество просмотров: 118