Мындан бир топ убакыт мурда ЖК депутаты Эрулан Көкүлов Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен кыжылдаша кеткени коомчулукка чыккан. Анын себеби Токмоктогу спорт мектебинин ремонту болгон. Депутат менен мэр кимдин макамы кандай, ким эмне кылуусу керектиги боюнча талаша кетишкен.
Ушундан кийин Токмоктун мэри таракан кубалап жүрүп депутат болгон киши анын ишине баа бере албастыгын айткан.
Мындай жооптон соң, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Эрулан Көкүловдун үч жылдан бери жетелеп келе жатканын айтып, аны коргоп чыккан.
«Эрулан Көкүлов мамлекеттик кызматкер болгон эмес, бирок ал абдан чынчыл, принципиалдуу, өз сөзүнө жооп берет. Эгер аны эл колдобосо шайлоочулардын 19 миң добушун ала алмак эмес. Аткаминерлер өз милдеттерин так аткарбаганы үчүн ага таракандарды кубалоого туура келген».
«Айрым аткаминерлерге кайрылып кетээр элем. Биз ишибизди Конституциянын, Жогорку Кеңештин регламентинин жана «Депутаттардын статусу жөнүндө» мыйзамдын негизинде алып барабыз. Мындан тышкары, кызматтагы адамдардын атайын реестри бар. Аскердик тил менен айтканда биз депутаттар, генералдарга теңбиз, а тиги аткаминер жөн эле майор! Эмне, майор генералга буйрук бере алабы? Менимче, бул туура эмес», — деген Марлен Маматалиев.
Ушундан кийин Токмоктун мэри Максат Нусувалиев фейсбуктагы өз баракчасына айтылуу акын Байдылда Сарногоевдин «Кала берди» аттуу ыры менен мындай жооп кайтарды:
Ал мени итсин деди. Итмин — дедим…
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып,
Мен анын ит экенин билип туруп.
Ал мени эшек деди,
Ооба — дедим…
Болбосо шылдыңдоого жетет тилим,
Не кылам ажылдашып, кажылдашып,
Мен анын билип туруп эшектигин.
Ал мага албууттанып жана берди,
Сөздөрү жийиркентип кара жерди.
Ролун эки айбандын бир аткарып,
Артымдан ээрчий басып кала берди.