Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев менен кайым айтыша кетти. Чырдын чыгышына начар ремонттолду деген спорт мектеби себеп болгон.
Депутаттын айтымында, ага жергиликтүү тургундар кайрылып, объектти реконструкциялоонун сапатына нааразы болушкан.
Окуя болгон жерге келген депутат менен чиновник уруша кетишкен. Максат Нусувалив Эрулан Кокуловду маданиятсыз жүрүм-туруму үчүн сын пикирин айткан. Ал эми Эрулан Көкулов анын статусу мэрден жогору экенин, ага өзүн кандай алып жүрүү Максат Нусувалиев үйрөтө албасын айтып жооп берген.